Суроо-жооп
Көп берилүүчү суроолор
Сайттагы бардык маалымат борбордун расмий документтеринен алынган.
Окууга канча жашта кабыл алынат?
Бардык курстарга 16–50 жаш аралыгындагы айымдар кабыл алынат.
Окуунун баасы канча?
Офлайн 1 жылдык, 4 айлык жана 1 айлык курстар – айына 5000 сом. Куран/тажвид курсу жана онлайн курс – айына 3500 сом.
Кандай документтер керек?
1 жылдык жана 4 айлык курстарга: паспорттун көчүрмөсү, флюорография, 086 справка, 3×4 сүрөт жана договор. 1 айлык курстарга: паспорттун көчүрмөсү жана договор.
Сертификат берилеби?
Ооба, окууну аяктаганда сертификат берилет.
Онлайн сабактар кайсы платформада өтөт?
Онлайн сабактар Гугл Мит аркылуу өтүлөт. Дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү, 5 убакыт тандоосу бар.
Кандай китептер белекке берилет?
1 жылдык жана 4 айлык курстарга: Куран китеби, Куран алиппеси, «Сиро 1, 2» жана «Пайгамбарлар тарыхы 1, 2, 3». Калган курстарга: Куран алиппеси жана Куран китеби.
