«Аруузат» диний окуу борбору – илимдин жана тарбиянын очогу!
Илим – жашоодогу бүтүн жакшылыктын башаты. 2004-жылы, өлкөбүздө айымдар илимге суусап турган учурда, Кыргызстандын Ислам университетинин алдында алгачкы жолу «Кыз Куран курсу» ачылган. 50 окуучу менен башталган бул курс, жыл сайын 200–250 айымга илим берип, учурда 20 миңден ашуун асылзат айымдарыбызга акыйкатты таанып, Ислам динин үйрөнүүгө жол ачып келет.
Айымдардын илимге болгон талабын канааттандыруу максатында, «Кыз Куран курсу» Тунгучтагы чоң имаратка көчүп, илим берүү ишин улантты. Билимдүү эне – билимдүү коомду тарбиялайт демекчи, курс кийинки илим сапарын Ош шаарында улантты.
2021-жылдан бери «Аруузат» диний окуу борбору ачылып, учурда үзгүлтүксүз иштеп жатат. 20 жылдык тарыхы бар бул борбордо жогорку диний билим алган тажрыйбалуу мугалимдер, өздөрүнүн мыкты методикасы менен талыкпастан билим берүүгө даяр жана ыкластуу шакирттерди тарбиялап чыгарууда.
